Ушул жылдын 11 айындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 2018-жылдын ноябрь айынын аягында 70 100 адамды түзгөн. Көрсөткүч 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,2 пайызга өстү.
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2018-жылдын январь-октябрь айларында 4,2 пайызды түзгөн. Номиналдык туюнтууда орточо эмгек акы 15 778 сом болду.
Болжолдуу маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2018-жылдын январь-октябрь айларында 5 миллиард 375,3 миллион долларды түзүп, 2017-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 6,7 пайызга өстү. Анын ичинде экспорт – 1 миллиард 322 миллион долларды (1,6 пайызга төмөндөдү), импорт – 4 миллиард 53,3 миллион долларды (9,8 пайызгага өстү) түздү.
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткенине байланыштуу соода балансынын айырмасы 2 миллиард 731,3 миллион доллар болду.