Өзбекстандын Ташкент шаарындагы "Локомотив" эс алуу жана маданий багына орнотулган Жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, өрт балатыны орнотуп, аны кооздоо учурунда келип чыккан. Өрттүн кесепетинен балатынын чокусу күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда өрт балатыны кооздоочу иллюминациядан келип чыккан. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.