Орусияда каза болгон жарандын сөөгүн Кыргыз жерине жөнөтүү үчүн мекендештери каражат чогултуп беришти

Буга чейин Орусияда 45 жаштагы Кыргыз жараны каза болуп, эки күндөн бери өлүк сактоочу жайда жатканы айтылган эле. Маркумдун Орусияда жакындары жок болгондуктан сөөгүн туулуп-өскөн айылына жеткирүү үчүн жардам керек болуп жаткан.

Кайрымдуу адамдар тарабынан жана Орусиядагы чакан айыл фонддорунан каражат бөлүнгөнүн Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты. Маалыматка караганда, жалпы элден 46 600 рубль топтолгон. Мындан сырткары маркум иштеген жерден 20 миң рубль берилген. Каражат маркумду айылына жеткирүү үчүн досуна 12-декабрда берилген.

Белгилүү болгондой, маркум Саидвали Мирзаев 1973-жылы Лейлек районунун Арка айылында туулган. Ал Ногинск шаарында жүрүп ашказаны ооруп ооруканага кайрылган. Бирок үч күндөн кийин ооруканада жатып каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Janybekleilekkg
2018-12-15 18:32:31
Бекер жеткирет деген закон чыккан эле го
+15
taalay25
2018-12-15 21:00:20
Janybekleilekkg,бекер жеткирилбейт
+1
souza.j
2018-12-16 09:22:59
taalay25,маркумду алып келууго кеткен чыгымды квитанция кагаздардын негизинде жакындарына толоп берет
-3
taalay25
2018-12-16 10:53:09
souza.j,мен Москвада 3,5 жылдан бери иштеймин. Андай практика жок болгон да эмес! Мигранттар оз кучу менен гана жонотуп келишет. Элчилик же консульстводон жардам беришкенин биле элекмин
+3
romaantik
2018-12-15 20:19:44
Бекер жеткирилет + 50000 берилет деп айтып коюшту же олуктун устунон да жемей башталды...
+13
Kalemkash
2018-12-15 20:49:24
Жакшы эле атка минээрлерди жамандабайын дейин бирок ушинтип кор оокат деп журуп ажал таап аткандарды коргондо ичим сыздайт да
+11
aida007
2018-12-16 01:57:39
Эх Уй булосун багам деп((((((кандай Гана окунучтуу балдарын сагынып журуп отуп кеттиго чиркин...жаткан жери жайлуу болсун аминь
+3
dobrajelatel
2018-12-16 03:51:05
Элден айланса болот. Байкуш мигранттар иштеп уй-булосун багып, ооруп барса, жагымсыз окуяга туш болсо чогулта коюп жардамын аябаган жакшы адамдарга Аллах раазы болсун.
+11
Moskva.kg
2018-12-16 10:03:06
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
Fanatic
2018-12-16 20:22:57
Москванын консулунун колунан эч нерсе келбейт баары ачка калышкан акчале дей беришет
+1
Aima94
2018-12-17 03:26:53
Посольство өтө пас мамиле кылышат жардам берген эмес эч качан. 6 жылдан бери иштеп жүрөм москвада ушул посольстваны жоюп эле салгылачы. Зыянан пайдасы жок. Бекер жеткиребиз деген законду чыгарды ...аарчы болуп калды кагаз бетинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан