Бишкектеги "Жашылдандыруу" ишканасынын короосунда 16-декабрга караган түнү саат 01:00 чамасында чыккан. Өрт атайын уюштурулган деген божомолду Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 бөлүм тартылып, өрт таңкы саат 5:28де чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы 1000 чарчы метр аянт өрттөлгөн. Өрт бир учурда 3 жерден чыккандыктан күбөлөр кургак бутактардын атайын өрттөлгөнүн айтышкан. Ишкананын короосуна гумуска деп чогултулган бутактар, жалбырактар күйгөн.