"Кыргыз өлкөсүндө акыйкаттык жок". Жарандар жерди трансформациялоого байланыштуу Ак Үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте Ак Үйдүн алдында жерди трансформациялоого байланыштуу митинг болуп жатат. Митингге Военно-Антоновка 295 менен 271 контурунан жер тилкесин сатып алгандар чыгышкан.

Алар бийликтен Кызыл китеби бар жерлерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда.

"4 сотых жер тилкесин 5 миң доллардан сатып алганбыз. Мыйзамды сыйлаган карапайым калкпыз. 5 жылдан бери токтом чыксын деп үй салбай отурганбыз. Эми трансформацияга чечим чыкпай жатат. Ала-Тоо-3, Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3 аймагындагы Кызыл китеби жок жерлер трансформацияланып кетти. Биздин Кызыл китебибиз болсо да токтом чыгарып бербей жатышат. Мыйзамсыз салынган үйлөрдүн баарын сүрдүрсүн. Алар да биз сыяктуу ушул жерде ызылдап турушсун. Ошондо өкмөттүн кандай экенин билет элек. Кыргыз өлкөсүндө акыйкаттык жок. Эми мынтип көчөдө калдык", - деп айтышууда митингчилер.

Нааразычылык акциясына 100гө чукул жаран катышууда.

Жерди трансформациялоо боюнча нааразычылык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан