СУПЕРСТАН: "Таякемдин уулун сүйүп калдым..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Туңгуюк сүйүү " деген тема талкууга алынган.

Автор: "Мен айылда өскөм. Кийин шаарга окууга тапшырып келгем. Эми ойлосом 11-классты бүткөнгө чейин көп деле жигиттер менен сүйлөшпөптүрмүн. Таякемдер шаарда турушат. Таякемдин менден эки жаш улуу баласы бар. Аты Аман. Башында жөн гана бир туугандай мамиле кылып сабактарыма жардам берип жүрчү. Эмнегедир экөөбүз бат эле тил табышып кеттик.

Күндөр өтө берди. Аман экөөбүз мурдагыдан да жакын болуп кеттик. Бул арада анын бакма бала экенин билдим. Ал Бишкектеги белгилүү университеттердин биринде окуйт. Экөөбүз көп сырдашчубуз. Эмнегедир ичимден аны жактырып жүрдүм. Күндөрдүн биринде сабактан келсем үйдө эч ким жок экен. Аңгыча болбой Аман келип калды. Ага чай берип, экөөбүз ар кайсыны сүйлөшүп отурдук. Мага кээде англис тилинен жардам берип калчу. Англис тилин үйрөнүүнү уланталы дедим. Аны укмуш түшүнүп жаткан кишидей берилип карап алгам. Бир убакта сүйлөшүп отуруп "менин сүйлөшкөн кызым сен сыяктуу, сулуу жароокер болсо жакшы болмок" деп чекемден өөп жиберди.

Ошол күнү Аман мага сүйөрүн айтып, кечирим сурады. "Мындан кийин эч нерсе болбойт, тууганымдай, өзүмдүн карындашымдай мамиле кылам. Мен өзүмдү кармай албай калдым. Унут буларды", - деди. Ал айткандай унутуу оңой болсо кана?! Сүйүүнүн көзү көр белем, ал менин да сүйүп жүргөнүмдү кайдан билсин?

Ошондой күндөрдүн биринде таажеңем менен таякем Сокулукка кетишти. Аман ал күнү эрте келиптир. Кечки тамакты жедик, бул жолу ага мурдагыдай болбой ортодогу аралыкты сактоого аракет кылып жаттым. Тамак ичип бүтүп идиштерди жууп, бөлмөмө кирип кеттим. Аманды ойлоп жатып уктап кетиптирмин. Бир нерседен чочуп ойгонуп кетерим менен Амандын ысык эриндери эриндериме жабышты. Ачыгын айтайын, эч каршылык көрсөтө алган жокмун. Ошол күнү кыздык намысымдан да айрылдым. Көрсө, акыл деген нерсе сезимди жеңе албайт тура. Болбосо Аманга каршылык көрсөтсөм, ал эч качан мындайга бармак эмес. Мына ушинтип Аманга байландым да калдым. Таяке, таажеңелериме айтпай жыныстык катнашта болуп жүрөбүз. Бирок экөөбүз тең болгон чындыкты айта албай келебиз. Эми мындан ары эмне болот? Кандай жол менен айтуу керек? Же айтпай эле мамилени токтотуп, жашоомду улантайынбы? Аман айтабыз дейт, ал айткан күндө туугандар арасындагы мамиле эмне болот? Кандай кабыл алат? Корком..."

"Суперстандагы" талкуулардан:

- "Эх, өкүнүчтүү. Көп окуялар зынаа менен аяктаганы зээниңди кейитет. Болор иш болгон соң эми боюңузга бүткөнгөй чейин ата-энеңерге билдиргениңер туура. Дагы жакшы бакма бала экен. Демек, ортоңордо туугандык жок".

- "Дагы кеңеш күтөт имиш! Кандай кеңеш керек? Апаңдын эл караган жүзүн жер каратып, ал таякең менен ата-энеңдин ортосуна кагылышуу алып келишин билесиңби? Апаң менен таякеңдин абалы эмне болот?"

- "Болор иш болуптур, уланып деле келе жатса... Аман бакма экени чын болсо, айта турганды эртерээк эле айтып баш кошуп алгыла, бири-бириңерди сүйөт экенсиңер. Аманга тийбесеңиз, башкасы менен кантип баш кошосуз?"

- "Арам жүрүп ата-энеңерди да күнөөгө батырып жатасыңар. Башкага тийип алып унута албай жатам деп көңүлүңөр келбей дагы жүрөсүңөр. Анан "биринчи деген биринчи да" деп жолдошуң жүрөт... Айткыла апаңарга. Апа байкуш баарын түшүнөт. Тез арада нике кыйдырып алгыла. Негизи ошол жигит өзү эле чечип койсо болмок. Бир кыздын абийирине тийгенден кийин, жоопкерчиликти да моюнга алуусу керек. Кыз деген жүзү жарык эле турмуш курса жакшы да. Ага карата башкалардын сыйы дагы, ишеничи дагы болмок..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurdinur
2018-12-17 18:36:20
Ауцада окуйтго дейм английсче уйротсо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан