16-декабрда Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 3 адам алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Ысык-Ата райондук ооруканасынын башчысынын орун басары Альсира Момуналиева SUPER.KG'ге ооруканага келип түшкөн жабырлануучулардын үчөө тең оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады.
Анын айтымында, кырсыктан 1996-жылы туулган А.Турар уулу башынан жана ички органдарынан жаракат алса, 1976-жылы туулган М.Бейшебаев башынан, омурткасынан, 1973-жылы туулган К.Шейшеев башынан жаракат алган.
"Үчөө тең учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатышат, абалдары туруктуу. Аларды хирургия бөлүмүнө которобуз. Операция жасоо үчүн Бишкектен врачтарды чакырдык", - деди Момуналиева.
16-декабрь күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында Фольксваген Пассат унаасы менен Тойота Ипсум унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен беш адам каза болуп, үч адам оор жаракат алган. Кырсыктан Фольксваген Пассат унаасы айдоочусу менен кошо өрттөнүп кеткен.