Депутат: "Таанышым Бишкекте 600 сом турган дарыны Москвада 300 сомдон сатып алды"

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеште бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Эмил Токтошев дарылардын баасы көзөмөлдөнбөй жатканын айтты.

Эл өкүлү бир эле дарынын баасы Кыргыз мамлекетинде Орусияныкына салыштырмалуу эки эсе жогору экенин билдирди.

"Дарылардын баасын ким аныктайт? Бир таанышым бир эле дарыны Бишкектин дарыканаларында 600 сомго алыптыр. Ал эми Москвада ошол эле дарыны 300 сомго алыптыр. Бизде эки эсе жогору болуп жатат", - деди Токтошев.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев дарылардын баасы боюнча комиссия түзүлгөн дейт. "Бизде дарыларга болгон бааны көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүлгөн. Бирок бизде дарыларды сатууда ачык рынок болгондуктан баалар өйдө-ылдый боло берет", - деп билдирди чиновник.

Депутаттар аталган фонддун төрагасы берилген суроолорго так жооп бере албагандыгын сынга алып, кийинки жыйынга даярданып келүүсүн талап кылышты.

"Кийинки жыйында дагы ушундай так жооп бере албасаңыз, сиздин ишмердүүлүгүңүздү карайбыз. Сиздей кызматкер мамлекетке кереги жок", - деп белгилешти депутаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Umakg
2018-12-17 13:03:23
Чын соз Ким колдойт
+9
Bars88
2018-12-17 13:10:02
Бизде 3000 сомдукту Москвадан 1100 рублга алганбыз
+9
Kulatov
2018-12-17 13:16:34
Ачык рынок баалар өйдө төмөн боло берет деген чиновник акчаң жок болуп сен же сенин жакындарың ооруганда билет элең уяты жок жеп чычар эмнеге биздин чоңдор көңүлкөш карашат
+14
emir2008
2018-12-17 13:49:59
Бишкек менен Москвадагы баа салыштырылыптыр. Кыргызстандын ичиндеги бааны да текшерсенер болмок. Мен бир дарыны аптекадан 400сомго сатып алдым эле. Кийинчерээк ошол эле дарыны здоровый мирден алайын деп сурасам 700сом дейт. Жетекчилерине звонок кылсам тактайбыз деген бойдон жооп жок. Ал дарыны мурун алган жерден эле алып журом. Здоровый мирде кээ бир дарылардын баасы эки эсе кымбат башка аптекаларга салыштырмалуу экенине ынандым.
+5
Karakash
2018-12-17 13:50:04
Ушундай да чиновник болобу,жооп беруусун кутпостон ишин карагыла.Азыркы заманда баары ден-соолук учун эч нерсезин аябайт. Дары бизнес болуп кетти Кыргызстанда.
+4
Michelangelo
2018-12-17 13:50:36
Даары алууга бардым эле келинчегим ооруп, алган айлыгымдан эки эсе болот экен, айла жок жан ширин экен, эптеп чогултуп алдык...
+3
Tolkun555
2018-12-17 14:04:47
Красноярскийден 42 рублга алган дарыны кыргызстанда 160 сомго коргонум анык.
+3
patiydin
2018-12-17 16:00:51
Tolkun555,акчасын эле айтпастан Ал дарынын атын кошо жазсанар жакшы болмок.
+2
Feiza1982
2018-12-17 14:28:11
Ушундай көйгөйлүү маселелерди чечип иштесенер эл кантип силерди жаман десин кош колдоп колдойбуз.
+1
Makain
2018-12-17 18:09:57
Эми билип жатасыңбы кымбат экенин депутат ака таанышың албаганда даарыны билбей жүрө бермек экенсиң аа ака.
+3
alihan2018
2018-12-17 18:23:46
Мен да бүгүн дары алдым оштон 550сомдон ушул эле дары бишкектен 380сомдон алдык эле
+2
Ruslan4458
2018-12-17 21:20:11
Мен кыргызстанда болницада анализ тапшырып барыны жыйынтыгы чыкканда толтура дары укол жазып берген срочно москвага келетирган болуп билет алып кайтканда аптекага кирсем общий 12 минг деген акча жок албай москвадан келип иштеп акча табыб аптекага барсам толтура дары укол окуп коруп ким жазып берди деп кулгон негизи мага жазып берген укол дарылар бир биринен айырмасы жок экен кайра бул жактан анализ тапшырып 2000 минг эле акча кетти укол дарыга
+2
Saidochka
2018-12-18 11:30:17
Бишкекте 600 сом болсо,Москвада рубль болот да,туура жазгылачы,же депутат туура эмес айттыбы
0
Kroxa
2018-12-20 07:08:20
Рубь сом аз эле айрыма..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан