Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, обончу Дүйшөнбек Үкүев 71 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун кесиптеши, ырчы Кенже Көбөкова билдирди.
"Дүйшөнбек Үкүев бир айга жакын убакыттан бери ооруп, ооруканада дарыланып жаткан. Кечээ, 16-декабрда кечинде шум ажал алып кетти. Агайдын сөөгү эртең, 18-декабрда туулуп-өскөн жери Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылына коюлат", - деди ырчы.
Дүйшөнбек Үкүев 1947-жылы 20-июнда төрөлгөн. 1967-жылдан тартып азыркы учурга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы "Эл шайырлар" тобунда ырдап келген. Ал 50дөн ашык обондун автору, алардын көпчүлүгү Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.