Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну Чолпонбай Шабдалиев SUPER.KG порталына кайрылып "Чыгыш электр" ишканасынын жетекчилигине нааразычылыгын билдирген.
Ал 2007-жылы үйүнө электр эсептегич 14 миң 200 киловатт көрсөткүчү менен коюлганын айткан. Анын билдиришинче, эски көрсөткүчтөр боюнча карыз жазылып, туум кошулуп келген. Мындан сырткары эсептегичти орнотуп жатканда акт түзүлбөгөнүн айткан. Ошондой эле эски эсептегичтердин коюлушуна "Чыгыш электр" ишканасынын башкы директору, РЭСтин башчыларын айыптаган.
"Электр жарыгын үзүп кетишкенде башка адистерге оңдотуп албашы үчүн тузак коюшкан. Адамдардын өмүрү кыйылса да буларга эч кандай чара көрүлбөй жатат", - деген Шабдалиев.
Чолпонбай Шабдалиев берген электр жарыгы үчүн төлөнүүчү маалымдамада 100 миң сомго чейинки карыздын көрсөткүчүн көрүүгө болот. Ал көрсөтүлгөн сумма эсептегич орнотулганга чейин эле болгон дейт.
"Биз 2 бөлмөлүү үйдө турабыз. Бир фазалуу эсептегичти пайдаланабыз. Квитанцияда негизги карыз 23 000 сом болуп жүрөт. Калганы туум акча. Ал эсептегич биринчи орнотулгандагы 14 222 киловаттын туундусу. Биз 25 миң сом төлөгөнбүз. Бирок квитанцияларды жоготуп алдык. Биз менен бирге бир нече үйгө эски эсептегичтер орнотулган эле. Кийинки мезгилдерде далай кишилердин эсептегичтерин ашмаштырып беришти. Бизге окшоп кыйналган адамдарга киловатт жетпесе деле кайдагы сумманы жазып, коркутуп акча талап кылгандарын эл түшүнсүн деп жатабыз. Алар карапайым элге аябай эле кордук көрсөтүп жатат", - деди Ысык-Көлдүн тургуну.
Ошондой эле эсептегич орнотулгандан кийин келген алгачкы көрсөткүчтү, андан тышкары дагы бир канча төлөмдөрдүн кагаздарын жоготуп алышканын кошумчалады.
Чолпонбай Шабдалиев тарабынан айтылган айыптоолорду "Чыгыш электр" ишканасы четке какты. Ишкананын басма сөз катчысы "Шабдалиев 2006-жылдан бери пайдаланган электр энергиясы үчүн карыз болуп келет" деди.
"Кардардын 2007-жылы электр эсептегичи алмаштырылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Компания тарабынан электр эсептегичи 2010-жылы январь айында алмаштырылып, эсептегич 14 212 деген көрсөткүч менен орнотулган. Бирок бул көрсөткүчтөр үчүн төлөм жүргүзүлгөн эмес. Жогорудагы көрсөткүчтөн баштап кардардын эсеби жүргүзүлө баштаган. Электр энергиясын кайра кошуу үчүн 2006-жылдан бери карызы 4133 сом болду. Электр энергиясын кайра кошуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылынын 2-мартындагы №34-буйругунун негизинде 250 сомду түзөт. Айта кетсек, кардар тарабынан 2006-жылдан тартып 2016-жылга чейин пайдаланган электр энергияга акы төлөгөн эмес. Үзүлгөн чубалгыларды кошууда ондогон адамдын каза болгону тууралуу маалымат жалган.
Абоненттин электр эсептегичиндеги пайдаланган саатына 11 537 киловатт базага киргизилбей келген. Буга Шабдалиевдин инспекторду кубалап электр эсептегичинен көрсөтмө алдырбай келгени себеп. Бүгүнкү күндө Шабдалиевдин электр энергиясына болгон карызы 70 239 сомду түзөт", - деп билдирди "Чыгыш электр" ишканасынын басма сөз катчысы.
Белгилүү болгондой "Чыгыш электр" ишканасы карызды өндүрүү боюнча Ак-Суу райондук сотуна кайрылган. Сот жарандык ишти 21-декабрда караган. Чолпонбай Шабдалиевдин аялы соттук процесстен кийин байланышып, өкүмдү аларга бербей жатышканын айткан эле.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы райондук соттун чечими 24-декабрда жоопкер тарапка берилгенин билдиришти.
"Сотто доогер "Чыгыш электр" ишканасынын арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Сот жоопкерден электр энергиясы үчүн 34 053 сом, туташтыруу үчүн 1934 сом, мамлекеттик алым, маалымат алуу, почтага кеткен чыгымга деп жалпы 36 739 сом өндүрүлсүн деген чечим чыгарган. "Чыгыш элетр" ишканасы алгач 70 239 сомду өндүрүү боюнча арыз жазган. Сот чечими менен 32 миң 53 сом туум акчаны эмес, негизги карызды эле төлөөгө милдеттендирип жатат. Чечим чыккандан кийин 30 күндүн ичинде облустук сотко даттанууга укуктуу", - деп билдиришти.
25-декабрда Чолпонбай Шабдалиевдин аялы соттун чечимин колго алышканын, аппеляциялык арыз менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылышарын билдирди.