Атактуу түрк ырчысы Мустафа Сандал гонорардын айынан "Мейкин Азия" фестивалына катышуудан баш тартты
Атактуу түрк ырчысы Мустафа Сандал Ысык-Көлдө өтүүчү эл аралык "Мейкин Азия" фестивалына катышуудан баш тартты. Сандал иш-чарага катышуусу үчүн фестивалдын жалпы бюджетинин жарымынан көп суммадагы гонорар сураган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирди. Айта кетсек, "Мейкин Азиянын" жалпы бюджети 4,5 миллион сомду түзөт. Раевдин билдиришинче, түрк ырчысы фестивалда ырдап бериши үчүн 50 миң доллар же 2,5 миллион сом сурады."Тилекке каршы, бизде мындай суммадагы гонорарды төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жок",- деди министр. Ал эми иш-чарага катыша турган чет өлкөлүк ырчылардын орточо гонорары 1-2 миң доллар. "Мейкин Азия" фестивалы 18-19-20-июль күндөрү Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" маданий борборунда өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн атактуу ырчылары катышат.
Кооокуй уят эле болуппуз го, ошол үчүн башында жар салбай эле туруш керек болчу тиги келет бул келет деп
0
MaRmeLaDka
2013-07-17 10:30:42
Уят, эл аралык деңгээлдеги фестиваль деп коебуз, бир Мустафа Сандалга дарамети жетпей калганы өкүндүрөт. Гонорарын элге ырчы келет деп жарыя салганга чейин сүйлөшүш керек болчу. Кичинекей Атайдын деңгээлинде фестиваль өткөрө албаган мамлекетке уяяяяят!!!
0
Aybek777
2013-07-17 10:33:21
Уят уят. Султан Раев колунуздан келбегенден кийин эмне кереги бар эле элге жар салып
0
toobaldaru
2013-07-17 10:46:59
Биринчи суйлошуп алгандан кийин келет деп айтышпайт беле. суйлошо элек жатып эле келет дей беришеби?
0
Kubanychbekkagan
2013-07-17 11:03:08
Кайдагы сасыган Сандалды чакырып жалдырашат. Анын Кыргызстанга эмне кереги бар.
-1
admin_superstan
2013-07-17 11:23:19
dikeii, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган!
3 күн БАН!
0
Doritos
2013-07-17 11:36:34
Ким ал Мустафа Сандал?
Типа Justin Bieber:)?
0
uty
2013-07-17 16:05:26
ошол акчага чек араны тоскула с,,,,,,,,,,,,,,
0
alman0808
2013-07-17 17:29:09
Uty абдан туура айтын! Азамат!
0
bosmos7
2013-07-17 19:07:16
Чек араны тосолу койгула ! Озбекстандын элчилигинде жалдыратпай!
0
Aydym
2013-07-20 10:18:51
Абдан жакшы мага жакты
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.