Ысык-Көл облусуна караштуу Сары-Ой айылында кабыргалары сынып көчөдөн эс-учу жок абалда табылып каза болгон жаран боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.
"Аны көчөдөн таап алып үйүнө жеткирип, ал каза болгондон кийин асынып алган айылдашынын өлүмү "өзүн өзү өлтүрүү" болуп катталды. Милицияга эки тараптын тең жакындары кайрылган жок. Бирок кабыргалары сынып, оор жаракаттардан улам көз жумган 46 жаштагы жарандын өлүмү боюнча иликтөө иштери улантылууда. Ал боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган, учурда анын жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди Усубакунов.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
9-декабрга караган түнү Сары-Ой айылында 43 жаштагы жергиликтүү тургун таңкы саат 4 чамасында жолдун боюнда эс-учу жок абалда жаткан айылдашын көрүп, аны үйүнө жеткирип коёт. Эртең мененки саат 10:00дөр чамасында ал киши каза болуп калат. Аны уккан айылдашы үйүнүн короосундагы сарайга барып асынып алган.