Айылдык кеңештердин төрагаларына жана катчыларына эмгек акы чегерүү сунушталды

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеӊеште "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө арналган парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө айрым айылдарда айыл өкмөт башчыларына атайын уюшкан арыздануучулар бар экени, алар байма-бай арыз жазуусу айыл өкмөт башчыларынын иштөөсүнө кедергисин тийгизип жаткандыгы айтылды. Ошону менен катар арыздардын реестри түзүлсө деген дагы пикир ортого түштү. Анткени кайра-кайра арыз жаза бергендердин жоопкерчилиги дагы каралса дейт парламенттик угуунун айрым катышуучулары.

Айрым айыл өкмөт башчылары айыл өкмөттөрдүн бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн талдоого алып, кайсы мыйзамдар көп бузулуп жаткандыгын аныктап, аларды болтурбай коюуга мүмкүн болот беле деген маселени анализдеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Мындан сырткары айылдык кеңештин төрагасына жана катчыга эмгек акы чегерүү сунушталды. Мындай демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапаттуу болушуна өбөлгө болот эле деп чечмеленди.

Жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, тармактык комитетте каралмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Frunze2
2018-12-17 14:58:01
Ансыз да алар жакшы эле уурдап жатышат айыл окмотундогу аткаминерлер. Эми маяна да берсенер уурдап тоногон эмгектери учун, жирный болуп кетпейби?!!
+1
Frunze2
2018-12-17 15:00:01
Анан калса бугун арыз жазгандардын жоопкерчилигин карап коркутуп алардын ооздорун жапсанар, эртен журналисттердин оозун жаап, бурсугуну бийликти сындагандардын баарын чекеден камай баштайт окшойсунар?!!

Кутура баштапсынар го ачык эле!!!
+1
molorbaev
2018-12-17 19:54:59
Frunze2,куру доомат менен арыз жазгандар кездешет. Ошолор тойгузат да. Ансыз да убакыт жетишпей, жумуш коп болуп жатканда, ошол адамдардыкы отуп кетет. Туура сунуш болгон, куру доомат менен тынымсыз арыз жазгандардын да жоопкерчилигин карап коюу керек.
+1
Baktiyar731
2018-12-17 15:05:14
Анда башка иштерин тапшырсын, алардын көпчүлүгү муниципалдык кызматтарда иштешет.
+1
asiret
2018-12-17 17:56:10
Baktiyar731,Муниципалдык кызматкерлер депутат боло албайт
+1
Nanei
2018-12-17 16:50:49
Айыл окмот ошондо Бекер иштеп келгенби ???
0
Jelezo
2018-12-17 17:53:58
Nanei,Айылдык Кеңештин башчысы.
0
molorbaev
2018-12-17 19:52:00
Nanei,айыл аймактык кенештин торагаларына дейт. Шаардык кенештин торагаларына маяна бар, ал эми айыл аймактык кенештин торагасына айлык жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан