Депутат: "1 миллионго жакын кыргыз мигрантынын тагдыры жыйында каралып жатса, Миграция кызматынын бир да өкүлү жок"

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеште социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Анда чет өлкөдөгү кыргыз мигранттарын колдоо боюнча мыйзамдын аткарылышы тууралуу талкуу болуп жатат.

Депутат Каныбек Иманалиев жыйында чет жакта жүргөн 1 миллион кыргыз мигрантынын тагдыры каралып жатканын айтып, бирок Миграция кызматынан бир дагы өкүл жок экенине нааразы болду.

"Сыртта жүргөн биздин мекендештер бюджетке 2 миллиард сом берип жатышат. Эмне үчүн алардын коопсуздугун коргобошубуз керек? Эки кыргыз жүргөн жерге Ардактуу консулдукту ачтык деп, төшүңөрдү какпай, 10 миңден ашык кыргыз мигранттары бар мамлекеттерге консулдукту ачуу керек. Ал эми ардактуу консул ошол жакта иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын укугун коргошу керек. Ардактуу консулдукту ачуу эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кароосунан кийин уруксат берилиши зарыл", - деди Иманалиев.

"Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" мыйзам долбоорунун аткарылышы тууралуу жооп бере турган тиешелүү өкмөт мүчөлөрү толук кандуу келген эмес. Мындан улам депутаттар бул долбоорду Жаңы жылдан кийин дагы кароону чечишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baltabaev
2018-12-17 15:55:12
Алар учун биздин тагдыр пох.у го,
+11
Argen9899
2018-12-17 16:03:18
baltabaev,туура айтасын
+7
Feiza1982
2018-12-17 17:01:30
Мигранттар салган акчанын суммасын отура берет. Алар зыяндан башка пайдалары жок биз учун !!!
+4
Flowhive
2018-12-17 19:11:16
Алар эсептешти деле билишпейт, мигранттардын 75% Баткен облусунун тургундары дейт.анда мигранттар которгон 2 млрд доллардын 75%ы Баткен облусунуна келсе, Баткен облусу гүл болуп кетпейби...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан