Терек-Сайда кармалгандардын туугандары милиция кызматкерлерин сабап камалган 15 адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышты

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткал районундагы Терек-Сай айылында кармалган 15 жарандын туугандары менен жолугушканын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жолугушуу бүгүн, 17-декабрда Жалал-Абад облустук милициясынын имаратында өттү. Жолугушууда Терек-Сай айыл өкмөт башчысы менен кармалгандардын туугандары 15 адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн суранышып, алар мыйзамды билбегендиктен тартип бузгандарын белгилешти. Андан сырткары кармалгандардын арасында мурда инвесторлорду колдоп, ишкерлик менен алектенип, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзгөндөр дагы бар экендигин билдиришти.

"Министр Кашкар Жунушалиев кармалгандардын туугандарынын кайрылууларын укту. Жыйынтыгында бардыгы мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш экенин, баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилерин билдирди. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылуулары мыйзамдын негизинде караларын белгиледи", - деп билдиришти ИИМден.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрь күнү кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отряддын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды келтиришкен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. 2-декабрда 15 тургун суракка алынып, 6 адам 2 айга убактылуу кармоочу жайга, 9у СИЗОго киргизилди.

Мындан улам "Эти Бакыр Терек-Cай" компаниясы Чаткал районунда өз ишин убактылуу токтотконун жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2018-12-18 03:22:53
Озубуздун олкодо озубуз кор болуп жатабыз. Кыргыз элим качан онолобуз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан