Дарыгерлер Жогорку Кеңешке көйгөйлөрүн айтууга келишти. Депутаттар бул маселени карайбыз деп убадалашты

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу атайын өздөрүнүн көйгөйүн айтууга келишти.

Аталган жыйында №5-үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Зууракан Жусуева бул тармакта туура эмес реформа жүрүп жатканын айтты. "Дарыгерлердин айлыгына акча кошобуз дешти. Бирок 5-6 ооруну көрсө, ошол ооруну таап, анын диагнозун тапканда гана айлыкка кошумча акча кошулат деп айтышууда. Биз ооруну бөлүп көрө албайбыз. Анткени тиешелүү аймактан келген жарандардын бардыгын кабыл алабыз.

Дарыгерлердин 10-15 миң сом айлык аларын эч ким билбейт. Айтылган 15 миң сом айлыкты биринчи категориядагы дарыгерлер алса, жаңы эмгек жолун баштагандар 5 миң сом алат. Дарыгер болом деп 10 жыл окуган жаштар 5 миң сом айлык менен кантип жашайт?" - деди Жусуева.

Ал үй-бүлөлүк дарыгер болуп 27 жылдан бери эмгектенип жатканын айтты. Учурда медицина тармагында басымдуу бөлүгү пенсия курагындагылар экенин кошумчалады. "Акыркы 5 жылдан бери атайын медициналык окуу жайды бүткөн жаш дарыгерлер биздин поликлиникада жокко эсе. Биздин ден соолугубузга жана жашыбыз өтүп калгандыгына байланыштуу эле жумушубузду таштап кете албай жатабыз. Эртеңки күнү биз да иш таштап кетсек, элдин ден соолугуна ким кам көрөт?" - деди дарыгер.

Эл өкүлдөрү бул маселени парламенттик талкууга алып чыгууга убада беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Evet13
2018-12-17 18:02:58
УДТда врачтардын айлыктары кобойду калп айтып кереги не, барды бар жокту жок деш керек. Выплата, фор деп жакшы эле ала баштады го дейм буйруса
-1
zevs
2018-12-17 18:34:16
Elden surap jep jatkan akchanarga toyboy jatasynarby darygerler.
0
Missing-u
2018-12-17 21:34:04
Мына мен 6 жыл окуп ординатурага тапшырып + врач болуп ишке кирдим айлыгым 4600 кунуно 50 сомдон жол кире кылып барып келем,ставка 0,5,кылган ишин жазган кагазын чачтан коп эми айлык бул. Кызымдын садигине 600,300 питание,50 сомдон 26 кундо 1300+600+300=2200 калган акчага бир айлык продукта да алалбайм жарытылык кылып. Пенсиядагы врачтар же айлык алсын же пенсия алсын баарын алып коюшпай,силер места бошотпосонор каякта иштейбиз?
+1
Missing-u
2018-12-17 21:37:14
1-категориядагы врач 1 ставка м н 6-7 мин дагы кошумчалары менен 9-10 мин алат,пенсия эн азы 6 мин алышат ушуларды кыскартпайсынарбы? Пенсияга чыккандан кийин боптур 5 жыл иштешсин анан бошотушсунда местаны. 4600 айлык анан бир жылга ординатурага 24 мин контракт дагы толойм,экоотен гос службадагылар кандай кылышат эми ойлонуп коргуло?
+1
Missing-u
2018-12-17 21:39:41
Алган акчан ушул текшеруу келип жудотконунор озунчо бир чон тема...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан