Учурда Кыргыз жеринде жашап жаткан кытайлык кыргыздар акыркы күндөрү өлкө бийлигине Кытайдагы "саясий тарбия берүүчү лагерде" кармалып жаткан туугандарын бошотууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылып келишет. Алардын бири Кыргыз жараны Турсуналы Үсөн да SUPER.KG'ге 43 жаштагы бир тууган иниси Мүсүралы Үсөн уулунун 10 айдан бери кабары жок болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, иниси 2018-жылдын март айында кармалып кетип "саясий тарбия берүүчү лагерге" жеткирилген.
"Иним Мүсүралы Үсөн уулу ушул жылдын март айында Кытайда кармалганын укканбыз. Ошол учурдан бери дайыны жок. Ошондуктан президент, Тышкы иштер министрлиги жана адам укуктары боюнча эл аралык уюмдардан "саясий тарбия берүүчү лагерде" кармалып жаткан туугандарыбызды бошотууга мыйзам чегинде жардам берүүлөрүн өтүнөм. Биздин башка эч кандай өтүнүчүбүз же эки өлкөнүн ортосуна бүлүк салуу оюбузда жок", - деди Турсуналы Үсөн.
Бүгүн, 17-декабрда жалпы 10дон ашык кытайлык кыргыздар Тышкы иштер министрлигинин алдына чогулуп, министрликке арыз тапшырышты. Жазган арыздарында Кытайдагы "саясий тарбия берүүчү лагерде" кармалып жаткан кыргыздардын абалын билип, мыйзам чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу өтүнүчтөрү жазылган.
Алар буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго жана Бириккен улуттар уюмуна кайрылышкан. Кытайлык кыргыздарды коргоо комитетинин маалыматына караганда, лагерде жалпы 50 миңдей этникалык кыргыз камалып жатат.