Социалдык тармактарда сууга жана электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, ошондой эле жарандардын пенсиялык жаш курагынын 2019-жылдын башынан тарта жогорулашы тууралуу маалыматтар активдүү жайылууда.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.
"Өкмөт тарифтерди көтөрүүнү, жарандардын пенсиялык курагын жогорулатууну да демилгелөөнү пландаштырган жок. Ошондой эле жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн эске салууну маанилүү деп эсептейбиз жана жарандарды мыйзамсыз чагымчыл аракеттерден карманууга чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.