Кечээ, 17-декабрда Жогорку Кеӊеште "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө арналган парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Депутат Таабалды Тиллаев бул мыйзам кезинде депутаттар тобу тарабынан иштелип чыкканын эске салып, иш-чара катышуучуларын мыйзамдын аткарылуу жүрүмүн талкуулоого жигердүү катышып берүүгө чакырды. "Аталган мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Ошондой эле ал текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерде тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт", - деди депутат.