Нарында эки баласы менен жайлоого кетип дайынсыз болуп жаткан жаран аман-эсен табылды

Нарында эки баласы менен жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунда 16-декабрь күнү саат 23:04тө 1975-жылы туулган Н.А. аттуу жаран эки баласы менен Toyota Kluger үлгүсүндөгү унаасын айдап Соң-Көл-Кара-Тал унаа жолу аркылуу Соң-Көл жайлоосуна чыгып кетишип, кайра байланышка чыккан эмес.

"17-декабрь күнү ӨКМнын Нарын шаардык №16-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 3 куткаруучусу кабарсыз болуп жатканы издөө максатында жолго чыгышып, Н.Адабаевдин үй-бүлөсү менен “Кырк боз үй” тилкесинен жолугушкан. Анын жана балдарынын абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан