Толтурган декларациясында мал-мүлкүн толук көрсөтпөй койгон 141 чиновниктин иши юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилип, текшерилүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, дагы 178 декларант боюнча маалымат тактоо этабында турат. Толук эмес же туура эмес маалымат берилген учур катталган болсо, материалдар прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.
Ушул жылдын 1-декабрына карата бардыгы болуп Мамлекеттик салык кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан 59 миң 965 салык декларациясы келип түшкөн. Анын ичинде 10 миң 394 декларант 30-июнга чейин мурда берилген декларациясына өзгөртүү же толуктоо киргизүү укугун пайдаланышкан. Ал эми 2 миң 616 адам декларацияларын кечигүү менен тапшырышкан.