КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусиядан которулган акчанын көлөмү боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусиядан которулган акчанын көлөмү боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкына таянып чет элдик басылмалар жазууда.

Ага ылайык, 2018-жылдын үч кварталынын ичинде Орусиядан башка өлкөлөргө 9 миллиард 800 миллион доллар жөнөтүлгөн. Алардын дээрлик 3 миллиард 50 миллион доллары Өзбекстанга кеткен.

Тажикстанга 1 миллиард 900 миллион доллар, Кыргыз өлкөсүнө 1 миллиард 700 миллион доллар жана Казакстанга 500 миллион доллар жөнөтүлгөн.

Буга чейин Өзбекстандын Борбордук банкы 2018-жылдын биринчи жарымында чет жактардан өлкөгө 2 миллиард 300 миллион доллар которулганын билдирген. Анда бул сумманын негизги бөлүгү Орусиядан, калганы Түркия, Казакстан, АКШ жана Түштүк Кореядан келгени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан