Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды (өмүр баяны)

Жеңишбек Ногойбаев транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган министрликтин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов кабарлады.

Маалым болгондой, тийиштүү буйрукка 17-декабрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жеңишбек Ногойбаев 2018-жылдын февралынан бери транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп иштеп келген.

Жеңишбек Ногойбаев 1957-жылы 8-майда Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1979-жылы Киров атындагы Урал политехникалык институтунда электрондук техниканын инженер-механиги адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:
1979-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы электрвакуумдук машина куруу заводу, мастер, инженер-технолог, программист, техникалык бюронун жетекчиси;
1985-1987-жылдары Сары-Жаз тоо байытуучу комбинат, базанын жетекчиси;
1989-1991-жылдары Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин пландык комиссиянын илимий-экономикалык борборунда коммерциялык директору;
1991-1994-жылдары "Кадам" ишканасынын директору;
1994-1997-жылдары Кыргыз-Орус "ГРАНиК" ишканасынын директорунун орун басары;
1997-1998-жылдары Бишкек мэриясынын Биринчи Май райондук көрктөндүрүү инспекциясынын башчысы;
1998-1999-жылдары Бишкек мэриясынын Биринчи Май райондук администрациясында курулуш жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы;
1999-2001-жылдары "Жанар" ишканасынын сырткы экономика байланыштары жана маркетинг боюнча вице-президенти;
2006-2013-жылдары "Бишкекмашинакуруу заводу" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Сатуу жана маркетинг башкармалыгынын башкы менеджери;
2013-2017-жылдары "Бишкек автовокзал" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
2017-2018-жылдары "Кыргыз автобекет" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
2018-жылдын февралынан бери транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп иштеп келген.

Ал "Бишкек автовокзал" ишканасын жетектеп турганда кетирген кемчиликтеринен улам 2015-жылдын июлунда сөгүш алган.

14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга орун басары Азимкан Жусубалиевдин 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президенттин сынынан кийин Калилов арыз жазып кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bazake
2018-12-18 10:44:42
Таза кадрлардын кызматка тартылып жаткан колдоого арзыйт.
-2
Frunze2
2018-12-18 11:44:10
Кебетесинен эле ууруга окшоп турат.....

Бул да жеп жургон да. Калиловдун замщарынын бири болсо керек.....
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан