Бишкек шаардык мэриясы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлап, келе жаткан жылдын 10-февралына чейин баш калаадагы он жерге атайын видеокөзөмөл жабдыктары орнотула турганын билдирди. Маалыматта айтылгандай, бул долбоорду ишке ашыруунун 1-этабы болуп эсептелинет.
2019-жылдын 10-февралына чейин видеокөзөмөл камералар орнотула турган даректер:
Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары,
Чүй-Фучик
Чүй-Бейшеналиева,
Жибек Жолу-Фучик,
Чүй-Жаш Гвардия бульвары,
Бөкөнбаев-Абдрахманов,
Жибек Жолу-Абдрахманов,
Чүй-Курманжан датка,
Москва-Абдрахманов,
М.Горький-7 апрель көчөлөрүнүн кесилишине коюлуусу пландалууда.