Түркияда эмгектенген Кыргыз жарандарына пенсия чегерүүгө багытталган мыйзам долбоорун тармактык комитет үчүнчү окууда жактырды

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.

Аталган жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди ратификациялоо мыйзам долбоору каралды.

Талкуу учурунда депутат Карамат Орозова Түркиядагы кыргыз мигранттары иш табууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.

"Мыйзам долбоору кабыл алынып, иштей баштагандан кийин Түркияда эмгектенген Кыргыз жарандарынын эмгек китепчесине ал жакта иштеген мөөнөтү жазылып, пенсиясы убагында төлөнүп берилиши керек. Муну тиешелүү өкмөт мүчөлөрү көзөмөлгө алып тургула. Алар жумуш табууда дагы кыйынчылыкка дуушар болушат", - деди эл өкүлү.

Аталган мыйзам долбоору комитеттин чечими менен үчүнчү окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан