Алимент боюнча 2 миң 731 адам издөөдө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов билдирди.
Депутаттар алимент төлөй турган адам Орусияда иштеп жүрсө эмне боло турганын сурашты.
Ибраимовдун айтымында, Минск конвенциясы боюнча арыз менен кайрылган жарандар бар. “Биз соттун чечимин Орусияга жөнөтөбүз. Эгерде алимент төлөй турган адам иштеп жатса, анын айлыгынын бир бөлүгү кармалат. Эгерде иштебесе карыз топтоло берет”, - дейт Ибраимов.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.