Көпчүлүк мигранттар өз укуктарын билишпейт. Бул тууралуу БУУнун эл аралык эмгек уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү координатору Болотбек Ороков бүгүн, 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, мигранттар мажбурлап иштетүүгө, кулчулукка жана сексуалдык кулчулукка кабылган учурлар көп болот.
"Жарандар өздөрү жашаган жерде жумуш орундары жок болгондуктан жакшы жашоо издеп чет жерге кетишет. Өлкөдө жумуш орундары аз, бар болсо да шарттары жакшы эмес. Ар бир жумушчу социалдык камсыздоого ээ болушу керек, бирок бул маселе боюнча көйгөйлөр көп. Социалдык камсыздоо биздин мигранттар үчүн чоң көйгөй болуп турат. Көпчүлүк мигранттар иштеп жаткан өлкөдөгү өздөрүнүн укуктарын билишпейт жана жумуш берүүчү тарап менен эмгек келишимин түзүшпөйт. Бул чоң көйгөлөргө алып келет", - деди Ороков.