Өкмөттүк аппарат Кыргыз жеринде жүргөн Кытай жарандары боюнча бүгүн, 18-декабрда расмий маалымат таратты. Буга Кытай жарандарынын саны боюнча буга чейин интернетке тарап жаткан маалыматтар түрткү болгон.
Өкмөттүк аппараттын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянып билдиргенине караганда, 2018-жылы Кыргыз жерине 35 миң 215 (2017-жылы 41 миң 307) Кытай жараны кирип, ошол эле мезгилде 34 миң 436сы (2017-жылы 40 миң 690) чыгып кеткен.
Ал эми анын 21 миң 17си Кыргыз мамлекетинин визасын алса, 14 миң 492си электрондук виза алган. 2017-жылы болсо, 12 миң 310у виза алынган (анын ичинде 1 миң 13ү электрондук виза). Ошону менен бирге көп жолку виза алгандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына бир жылдын ичинде бир канча жолу келип-кеткен. Ал эми 11 миң 966 (2017-жылы 18 миң 312) Кытай жараны убактылуу жашоого уруксат алса, алардын ичинен 9 миң 498и (2017-жылы 11 миң 593) убактылуу иштегенге уруксат алган.
Мындан тышкары өкмөттүк аппараттын маалыматында 2010-2018-жылдары 268 Кытай жарандары Кыргыз жарандыгын алса 171и кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек, алтоо кытай, тогузу дунган жана бирөө казак улутундагылар. 60 жаран Кытай жарандары менен расмий үй-бүлө курушканы белгиленген.
Өкмөттүк аппарат туура эмес маалыматтарды камтыган чакырыктар Кыргыз жана Кытай элинин эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгына оор залакасын тийгизе турганын эскертти.