Нарындын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды

Өлкөнүн 7 дубанынын борбор шаарларында жаңы жылдык балатылардын чырактары жанууда. Буга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жандырылган. 16-декабрь күнү Нарын шаарында жаңы жылдык балаты орнотулду. Шаарды майрамга карата жасалгалоо үчүн кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү тууралуу шаардык мэриянын "Таза-Нарын" муниципалдык ишканасынын башчысы Алмаз Суранов SUPER.KG'ге айтып берди.

"Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтка 13 метрлик балаты орнотулду. Биз жылда башка шаарлардан айырмаланып, жасалма эмес, табигый балаты орнотобуз. Жергиликтүү бюджеттен жалпы шаар ичин жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 220 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары жыл сайын мекемелер арасында имараттарды Жаңы жылга карата жасалгалоо боюнча сынак жарыяланат. Жеңүүчүлөргө атайын байгелер каралган", - деди Суранов.

Нарында Жаңы жылдык балаты орнотулду 18.12.18
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jakilik
2018-12-18 16:13:44
Уят кылбай жакшыраак эле балаты койсо болот эле.
+5
UmsunaiTem
2018-12-18 17:03:56
Пазор!! Нарын облаастында ушунбай байкуш балаты???
0
UmsunaiTem
2018-12-18 17:05:04
Нарындыктарга боло берет дегенсип эптеп септеп эле илип коюшуптурго))))
+9
Karakash
2018-12-18 17:29:29
Ушул балатыга 220мин сом болгону уят оюнчуктар 2000с жетпеген акча турат. Калган акчаны эмнеге иштетесинер.
0
Frunze2
2018-12-19 08:34:35
Karakash, Нарындын мэри го жесе жесе 220 минден 150 мин жегендир...

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Караколдун мэрлери 100-200 мин турган, палас жабылган темир конусту "балаты" деп элди алдап ар бири 1,5 миллиондон 3-4 миллионго чейин жеп жатпайбы?! Ага эмне унчукпайсын?!! Же кобурок жесинби жегенге жараша?!!
+3
aman0296
2018-12-18 18:10:19
Ушундай балатынын барынан жогу жакшы
-2
Mirlan27011987
2018-12-18 18:58:13
Губернатордун уяты жок экен. Бул эмне деген нерсе.
+1
salta_kartin_k_i
2018-12-18 20:15:29
за то живой балаты)))
+4
Gisi
2018-12-18 21:07:21
salta_kartin_k_i,ха ха ха
0
Dembele84
2018-12-19 07:48:12
Санта Клаустун мекени Нарындын борборундагы балаты ушундай болсо уят го )))
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан