Дүйнө жүзүндө 68 миллион адам мигрант макамына ээ. Бул тууралуу БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү координатору Озонниа Ожиело Мигранттардын эл аралык күнүнө арналган жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бардык мамлекеттер мигранттардын мүмкүнчүлүктөрүн өз өлкөсү үчүн пайдалануунун жолун издеп келишет.
"Дүйнө жүзүндө 100 миңдеген адамдар ар дайым жер которуп турарын билебиз. Алар жакшы жашоо үчүн жашаган аймагынан башка жерден жумуш издешет, башка жактардан бизнес жүргүзүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издешет. Мунун баары - миграция. Учурда дүйнө жүзүндө 68 миллион мигрант бар. Алардын баары эле, сиздерге окшоп же мага окшош жакшы кийим кийген эмес. Балким, жумалап жуунганга мүмкүнчүлүк таппай жүргөндөрү да бардыр. Бирок миграция өлкөнүн өнүгүшүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Анткени мигранттар которгон акча өлкө экономикасынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Биз аларга кам көрүшүбүз керек. Мамлекеттердин жетекчилери дагы мигранттарды өлкөгө алып калып, алардын билимин, мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн өнүгүүсү үчүн пайдалануунун жолдорун издеш керек", - деди Ожиело.