Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.
Аталган жыйында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралмак. Бирок эл өкүлдөрүнүн суроолоруна тиешелүү өкмөт мүчөлөрү толук кандуу жооп бере алышкан жок. Мындан улам депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун кабыл алууда кесиптештерине өкмөткө катуу талаптарды коюуну сунуштады.
"Өкмөттөн чала иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун кабыл албайлы. Эртеңки күнү "ким кабыл алды эле бул мыйзам долбоорун" десе, "депутаттар кабыл алган" деп бизди күнөөлүү кылып коюшат. Ошондуктан үчүнчү окууда талкуулабай, экинчи окууга кайтаралы", - деди эл өкүлү.
Жыйынтыгында тармактык комитеттин депутаттары Бекешевдин пикирин колдоп, мыйзам долбоору артка кайтарылды.