Акимчилик: "Ош базарынын" аймагындагы башаламан сооданы иретке келтирүү иштери жүрүүдө"

"Ош базарынын" аймагында мыйзамсыз, башаламан сооданы иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасан Чыныбаев билдирди.

"Ош базарынын аймагында жалпы санынан 88 субъект бар. Базар аймагындагы акыркы өрт кырсыгынан кийин администрация тарабынан базардын айланасын тазалоо жана тартипке келтирүү максатында мобилдик топ түзүлгөн. Акимчилик аймактык милиция бөлүмүнөн 20 милиция кызматкерин бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Учурда мобилдик топтун мүчөлөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте башаламан сооданы иретке келтирүү боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Бул иш-аракеттер 15-декабрда башталган жана 2019-жылдын 15-январына чейин улантылат. Бир айлыктын алкагында Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган жашылча жемиш саткан жайма базар, Киев жана Бейшеналиева көчөлөрү, Чүй кең көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилишкен аймагындагы мыйзамсыз башаламан соода жүргүзгөндөрдү тартипке келтирүү аракеттери жүргүзүлүүдө", - дейт Чыныбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pamirlan
2018-12-19 04:33:22
Уурулар ды да карап койгулачы тажатты го Кыргызстан качан онугот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан