Парламент комитетинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча мыйзам долбоору талкууланууда

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Экмат Байпакпаев киргизилип жаткан жарандардын жашоосун жакшыртып, өлкө экономикасын көтөрүүдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ролу тууралуу айтты.

Мыйзамдын маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, күн энергетикасынын үнөмү боюнча Кыргыз мамлекети КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орундардын бирин ээлейт. “Жылына орточо өлчөмдө өлкө аймагына 670 миллион тонна шарттуу отун түрүндөгү күн энергиясынын эквиваленти түшүп турат. Ал эми шамал энергетикасынын ресурстары боюнча да 245 миллион тонна шарттуу отун түрүндөгү ири даремети бар”, - деп жазылат маалыматта.

Байпакбаевдин айтымында, сунушталган мыйзам долбоор Энергиянын кайра жаралуучу булактары пайдаланууну кошумча экономикалык жана укуктук колдоого багытталган жана анын өнүгүшүнө тиешелүү болгон шарттарды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан