Миграция кызматы: "Коомдук жайда тамеки чеккен мигранттар да "кара тизмеге" кирип калышы мүмкүн"

Орусияда эки жолу мыйзам бузган мигрант "кара тизмеге" кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Мигранттардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, мигранттар коомдук жайда тамеки чеккени үчүн да "кара тизмеге" кирип калышы мүмкүн.

"Бүгүнкү күндө Мамлекеттик миграция кызматынын Орусияда 9 кызматкери бар. Албетте, ал жакта иштеп жаткан мекендештердин санын эске алганда 9 кызматкер аздык кылат. Буга байланыштуу биз Орусиядагы диаспоралардан жардам алууга муктаж болуп жатабыз.

"Кара тизмеге" кирүү үчүн 2 жолу чоң эмес мыйзам бузуу жетиштүү. Мигранттар майда мыйзам бузуулары үчүн да "кара тизмеге" түшүп калган учурлар кездешет. Мисалы, коомдук жайларда тамеки чексе же жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кетсе, аларга айып пул салынат. Мунун баары жарандарыбыздын "кара тизмеге" кирип калышына себеп болушу мүмкүн", - деди Токтоболотов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bekturbek
2018-12-18 16:19:50
Биз мигранттар, Орусияда Заложникпиз.Биздин айыбыздан Кыргызстанды каалагандай башкарат!!!Кыргызстан кайсыл бир нерсени кылбай,бербей койсо,Орусияга.Бизди кысат!Анан айла жоктон аткарат биздин бийлик!!!Бизди кысып өздөрүнө керектүү ишти бүтүрүп алат Орустар!!!
+5
Altyn10076
2018-12-18 16:54:54
Укмуш посольство иштеп атышкан окшойт жетишпей атышса.
+4
gul.gul
2018-12-18 19:35:37
Кыз аялдарды деп кигизсенер болмок жаш жаш кыздар кочодо сигарет кармап, ата энеси алыста билбей. Кыздар силер болочоктогу энесинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан