"Драма театрдагы коррупциялык иштер өзүнчө ЖЭБдин маселесинен да өтөт экен". Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү ижарага берилген драма театрлардан мамлекеттин бюджетине каражат түшпөй жатканын айтты.
"Салыктар онлайн кызматта төлөнсүн. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду инвентаризацияны бүтүрүп, электрондук сайт менен иштөөсү керек. Ал сайт финансы полициясында, ар бир өкмөттүк органда жана парламентте дагы болсун. Бул жөн эле сүйлөп кетип кала турган жумуш эмес. Урматтуу кесиптештер, көрөсүңөр быйылкы жылдын планын толтура албай кыйналасыңар! Жок дегенде Ош менен Бишкектен салык чогулта албай калсаңар, анда Кыргыз мамлекетинин кийинки жылдагы бюджетинин туруктуулугуна силер күнөөлүү болосуңар. Былтыр драма театрлардан жалпы канча салык түштү?" - деп сурады Жапаров.
Салык кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Искендер Асылкулов 2017-жылда жалпы ижара берилген драма театрлардан 1 миллион 400 сом түшсө, 2018-жылдын 11 айында 1 миллион 500 сом түшкөнүн айтты.
Эл өкүлдөрү тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнө драма театрларда ижарага алып иштеткен ишкерлерге тийишпей, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, убагында салыкты төлөөгө милдеттендирүү сунушун беришти.
Депутат Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы менен 2017-2018-жылдары Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага берилгендиги боюнча маалыматтын алкагында талкуу болду.