"Кант" авиабазасында келишимдик негизде иштеп келген 39 жаштагы В.Щебланов аттуу орусиялык аскердин жансыз денесине кароо жүргүзүлгөндө, анын денесинен кыйноонун белгилери табылган жок. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге 18-декабрда аталган авиабазадан кабарлашты. Ал эми анын өлүмү боюнча териштирүү иштери авиабазанын Кыргыз жериндеги жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт.
"Келишимдик негизде иштеген аскердин жансыз денеси өз үйүнөн 15-декабрда табылган. Денесин кароодо кыйноонун белгилери табылган эмес. Анын өлүмү боюнча фактыны Кыргыз өлкөсүндөгү орусиялык авиабазанын жетекчилиги териштирет", - деп кабарлашты авиабазадан.
Чүй облустук милициянын алдын ала берген маалыматына караганда, аскер этил спиртине ууланып каза болгон.