"Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети - коррупциялык схеманын очогу" дейт депутат

Депутат Салайдин Айдаров Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекетин "коррупциялык схеманын очогу" деп сыпаттады. Мындай пикирин ал бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү чек ара кызматкерлери такси кызматындагы айдоочулардын жүрөк үшүн алып койгонун айтты.

"Таксисттер чек ара кызматкерлеринин алдына чөгөлөшөт экен. Муну депутаттар менен Алматы шаарына барып келе жатып көрдүм. Айдоочу айтып жатат: "Кечээ Алматыдан келе жатканымда Жаңы жылга белекке деп туугандарыма 12 термос сатып алгам. 12 термос үчүн бир саат кармап турушту. "Эмне кылышым керек?" десем, "1 термосуңду ташта" дешти". Ал бир термосту 120 сомдон алыптыр. Мына бүгүнкү күндөгү чек ара кызматкерлеринин абалы. МАИ, Финансы полициясы, Салык кызматы дагы ошол жерде топтошуп алып, коррупцияга малынып калышыптыр", - деп нааразы болду Айдаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Freemankg
2018-12-18 21:07:16
Биз тарапта 50% , а эми баурлар 100% коррупцияга малынган. P.S. күндө өтөм.
+2
Kairat1996
2018-12-18 23:05:49
Жанагы Сокенин бир туугандарын, Раим миллиодорду бийлике жолотпош керек эле. Жээнбековдун колтугуна кирип алып жашоо откоргон депутаттар, бир туугандары элди жаарытпайсынар. Атамбаевге ишенип Сокени шайладынар эми пайдасын эмес, зыянын гана коро баштайсынар. Асылбек Жээнбековду коруп жатасынар. Жаныш Бакиевтен эч айрымасы жок болуп калды.
+1
Taalai94
2018-12-18 23:08:57
Эми билдинерби коррупцияга малынганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан