Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен Терек-Сайдагы кенге байланышкан жаңжалдан кийин кармалган 16 адамдын үчөө 1 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов SUPER.KG'ге 18-декабрда кабарлады. Буга чейин кармалгандардын 13ү үй камагына чыгарылганы кабарланган.
"Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен жалпы 16 адам камакка алынган. Соттун чечимине ылайык, 10 адам 1 айга, 6 адам 2 айга камалган болчу. Шаардык соттун мындай чечимине жактоочулары макул эместигин билдирип облустук сотко кайрылышкан. Алардын баш коргоо чаралары 17-декабрда облустук сотто каралып, жыйынтыгында 13 адам үй камагына чыгарылып, 3 адам 1 айга камакта калды", - деди Төрөмаматов.
Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрь күнү кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отряддын 3 кызматкери жабыркаганын жарыялаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. 2-декабрда 15 тургун суракка алынып, 6 адам 2 айга убактылуу кармоочу жайга, 9у СИЗОго киргизилгени кабарланган.
Мындан улам "Эти Бакыр Терек-Cай" компаниясы Чаткал районунда өз ишин убактылуу токтотконун жарыялаган.