УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 36 миллион сомго жакын акча которду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 35 миллион 849 миң сом акча которду. Бул тууралуу 18-декабрда мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, муну менен депозиттик эсеп ачылгандан бери УКМК которгон акчанын жалпы суммасы 193 миллион 602 миң сомду түздү.

Каржы министрлигинин октябрь айынын соңунда берген маалыматына караганда, аталган эсепке которулган акчанын жалпы көлөмү 478 миллион 626 миң 911 сомго жеткен. Ал сумманын 190 миллион 795 миң сомун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, 159 миллион 64 миң сомун УКМК, 127 миллион 336 миң сомун Башкы прокуратура, 1 миллион 230 миң сомун ИИМ которгон.

22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан