Кыргыз өкмөтү Орусиянын университетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы аудиторияны жасалгалоо үчүн 500 миң сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууга арналган иш-чаралардын чыгымдарына 500 миң сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Документке ылайык, акча каражаты премьер-министрдин "Кыргыз биримдиги" резервдик фондунан Москва шаарындагы Орусиянын эл достугу университетинин гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин имаратында жайгашкан жазуучунун атындагы окуу залын жасалгалоо максатында бөлүндү.
Аталган аудиторияга Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими Орусия эл достугу университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.