Депутат Бишкектеги орус драма театрынын имаратындагы бөлмөлөр ижарага берилип кеткенин айтып чыкты

18-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 2017-2018-жылдары Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратындагы ижарага берилген объекттер боюнча маалымат угулуп, эл өкүлдөрүнүн кызуу талкуусун жаратты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева ижарага берилген объекттерден мамлекеттик казынага каражат түшпөй жатканын айтып, мындай мүчүлүштүктөргө жол берген тиешелүү министрлик, мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүн катуу сынга алды.

"Орус драма театрынын имаратынын артын бир канча жеке ишкерлер ижарага алып, тамактануучу, көңүл ачуучу жайларды иштетишет. Имараттын ичинде бир канча бөлмө ижарага берилет. Ошого карабастан 2010-жылдан бери мамлекеттин эсебине бир тыйын салык түшкөн эмес. Борбордун ортосунан орун алган маданий жайда мындай мыйзам бузууларга жол берген Маданият министрлигине, Салык кызматына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна чара көрүү керек", - деди эл өкүлү.

Жыйынга баяндамачы катары чакырылган маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева күн тартибине коюлган маселеге даярданбай келгенине байланыштуу депутаттардын сынына кабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан