Жаңы жыл алды менен Бишкек шаарынын райондорунда майрамдык иш-чаралар уюштурулмакчы. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Жергиликтүү тургундар жана коноктор аталган иш-чараларга төмөнкү аймактарда жана даталарда күбө болушат.
- 27-декабрда саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мэрдин катышуусунда балаты майрамы уюштурулат. Майрамдык иш-чарага миңден ашык жарты жана томолой жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, 7-апрелде каза болгон жарандардын балдары, Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун катышуучуларынын балдары жана мектептин отличниктери, ар түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрү катышып, белектер таратылмакчы.
- 29-декабрда саат 12:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мэрдин кайрымдуулук балаты майрамы орун алат. Ага 800дөй ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жарты жана томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышып, майрамдык салтанаттын аягында белектер ыйгарылат.
Бишкектин 4 районунда тең майрамдык салтанаттар орун алат.
Биринчи Май району:
- 23-декабрдан 29-декабрга чейин бардык билим берүү мекемелеринде майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
- 24-декабрда саат 11:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында 627 аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн майрамдык салтанат уюштурулат. Ага Чернобыль кырсыгынан жабыр тарткан ата-энелердин жана 7-апрель революциясында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары катышат. Ушул эле күнү саат 14:00дө Малдыбаев көчөсү №22 дарегинде да майрамдык иш-чара уюштурулат.
- 26-декабрда саат 11:00дө Горький атындагы сейил багында шаар тургундарын майрамдык салтанат күтөт. Ушул эле күнү саат 11:00дө "Коломто" муниципалдык мекемесинде жаңы жылдык кайрымдуулук акция өтөт. Бул күнү саат 13:00дө карылар үйүндө да иш-чара өткөрүлөт.
- 27-декабрда жаштарды жана балдарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары үчүн майрам уюштурулат.
Октябрь району:
- 24-декабрда саат 10:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чернобыль кырсыгынан жабыр тарткан ата-энелердин жана Афган согушунан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн миңге жакын балдары чакырылган майрамдык балаты орун алат. Бул иш-чарага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да чакырылган.
- 25-декабрда саат 11:00дө Көк-Жар жаңы конушундагы №88-орто мектепте жаңы жылдык майрам уюштурулат.
- 25-декабрда саат 11:00дө Кара-Жыгач жаңы конушундагы №91-орто мектепте жергиликтүү жашоочулар үчүн майрам уюштурулат.
- 27-декабрда саат 10:00дө Рухий-Мурас жаңы конушундагы №92-орто мектепте майрам уюштурулат. Ушул эле күнү саат 13:00дө Туңгуч кичи районунда майрамдык салтанат өтөт.
Свердлов району:
- 20-декабрда саат 13:00дө Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында балдар үчүн майрам уюштурулат.
- 22-декабрда саат 11:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн майрамдык концерт уюштурулат.
- 24-декабрдан 26-декабрга чейин саат 11:00дө №21-жатак-мектепте көрүүсү жана угуусу начар балдар үчүн иш-чара уюштурулат.
- 25-декабрда саат 13:00дө Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусунда балатыны айланып ойноо үчүн оюн-зоок уюштурулуп, балдарга таттуулар таратылат.
- 26-декабрда саат 17:00дө райондук муниципалдык администрациянын алдында Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусунда балатыны айланып ойноо үчүн оюн-зоок уюштурулуп, жомоктогу каармандар балдарга таттууларды таратат.
- Ушундай эле иш-чаралар 27-декабрь күнү да уюштурулат: саат 11:00дө шаардык реабилитациялык борбордо саат 15:00дө "Кызыл куруучу" конушунда, саат 16:00дө №38-окутуу-тарбиялоо комплексинде, саат 13:00дө Эне-Сай жаңы конушунда уюштурулат.
Ленин району:
- 20-декабрда саат 14:00дө темир жолчулар клубунда 200 баланын катышуусунда майрам уюшулат.
- 22-декабрда саат 10:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1100 баланын катышуусунда кайрымдуулук балаты майрамы өтөт.
- 23-декабрдан 25-декабрга чейин саат 16:00дө Калык Акиев-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборлорунун биринде майрамдык иш-чаралар уюштурулуп турмакчы.
- 26-декабрда саат 10:00дө №58-орто мектепте 200 баланын катышуусундагы майрамдык салтанат уюштурулат.
- 28-декабрда саат 12:00дө №2 Бишкек өндүрүштүк окутуу мекемесинде 50 баланын катышуусундагы майрам орун алат.
- 29-декабрда саат 12:00дө Ден соолукту чыңдоо борборунда 150 баланын катышуусундагы концерттик программа бар. Ушул эле күнү саат 14:00дө Жал кичи районунда 100 баланын катышуусундагы концерттик программа уюштурулат.
- 30-декабрда саат 18:00дө Жунусалиев көчөсүндөгү №40-үйдүн алдында 50дөй баланын катышуусундагы майрамдык концерт уюштурулат.