"Коопсуз шаар" ишке ашса, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөндөр сөзсүз кызматтык автоунаада жүрүшү керекпи?" Мындай суроо менен депутат Азизбек Турсунбаев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басарына кайрылды.
Эл өкүлү эреже бузуу болсо жарандар кандай жазага тартыларын сурады.
"Кызматкерлериңер же жөө жүрүшү керек же кызматтык автоунаасында гана жүрүшү керек. Жолдо жөнөкөй автоунаада турушат алар. Биз көрүп жатабыз да. Суусамырда саатына 40-60 чакырымдан ашпасын деген белгилер турат. Бул туура эмес коюлган, баарын иретке келтириш керек", - деди Турсунбаев.
"Сиз айткан фактылар боюнча 586 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылды. Бул багытта иштер жүруп жатат. "Коопсуз шаар" ишке ашса, кызматтык автоунаада же жөө жүрүп гана протокол толтура алат", - деп жооп берди жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары.