Дастан Бекешев жол коопсуздугун бузган айдоочуларды видео тасмага тартып алган жарандарга айып пулдун 10 пайызын берүүнү сунуш кылды

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералар жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө чоң таасир бербейт". Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев бүгүн, 19-декабрда парламенттик жалпы жыйында билдирди.

Эл өкүлү атайын мобилдик тиркемени киргизүүнү сунуш кылды.

"Ар бир жаран жол коопсуздугун бузгандарды видео тасмага тартып, айып пулдан түшкөн каражаттын 10 пайызын албайбы. Ал үчүн атайын мобилдик тиркеме иштеп чыгуу керек болот. Мына ошондо коомчулуктун да кызыгуусу артып, кайдыгерлик жоюлат", - деди Бекешев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сунушту колдоого аларын жана мобилдик тиркемени киргизүү кийинчерээк ишке ашарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taalay25
2018-12-19 11:47:03
Москвада ушундай кандайдыр бир окуяны тасмага тартып телеканалдарга жонотсон счетуна акча тушот
0
BekAmir
2018-12-19 16:34:49
Бекешев эн туура айтыпсыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан