Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын тажрыйбасына кызыкты

Бүгүн, 19-декабрда парламенттик жалпы жыйында "Коопсуз шаар" долбоору талкууланууда.

Аталган жыйында депутат Нурбек Тотонов Орусиянын "Вега" компаниясынын бул тармакта тажрыйбасы канчалык экенин сурады.

"Вега" компаниясы мындай долбоорду биринчи жолу ишке ашырып жатат деген кептерди угуп жатабыз. Мурда кайсы өлкөлөрдө коюптур? Мындан тышкары камералар жол эрежесин бузгандарды көзөмөлдөйт. Ал эми спирт ичимдигин ичип алгандарды кантип билесиздер?" - дейт эл өкүлү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов "Вега" компаниясы спутник жабдууларын жасоодо 18 жылдык тажрыйбасы бар экенин айтты.

"Видеокөзөмөл чындыгында спирт ичимдигин ичкен айдоочуларды аныктай албайт. Ал үчүн дагы чаралар көрүлөт", - деди Саркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sahka
2018-12-19 14:02:02
Детский сад какой то.
+1
admin_superstan
2018-12-19 15:18:42
Sahka,
Саламатсызбы, портал кыргыз тилинде болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан