Ысык-Көл облусунун Кызыл-Туу айылында “Кийиз дүйнө” фестивалы өтөт

22-23-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында “Кийиз дүйнө” фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучу “Миң кыял” коомдук фонду билдирди. Анда кыргыз элинин баш кийимдеринин, булгаарыдан жасалган буюмдардын көргөзмөсү болуп, кыз узатуу салты тууралуу театралдаштырылган шоу болот. Ошондой эле  “Боз үй тигүү” аталышындагы мастер-класс болуп, салттуу кийим, ала кийиз, кыргыз ашканасы, кыргыз оюндары боюнча сынак өткөрүлөт. Бул фестивалга бардык каалоочулар катышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан