"Силердики "Коопсуз шаар" эмес, "Коопсуз жол" болуп жатат го". Мындай сынын депутат Искендер Матраимов парламентте "Коопсуз шаар" долбоору каралып жатканда айтты.
Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоору Бишкектеги мектептерде, бала бакчаларда жана мамлекеттик мекемелерде ишке ашуусу керектигин айтты.
"Коопсуз шаар" болгондо мектеп, бала бакча, мамлекеттик ишканалар да камтылышы керек. Иш азыр "Коопсуз жол" боюнча эле кетип жаткандай. "Коопсуз шаар" боюнча суроо берилбей жатат. Тар багытта эле кетип жатасыңар. 1140 камера алынып жатыптыр. Ар бирине 29 миң доллардан туура келип жатат. Бул да ЖЭБдегидей болуп калбайбы?" - деди Матраимов.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баалар техникалык-экономикалык негиздеме боюнча эсептелгенин айтты. "Жалгыз камера эмес, жалпы жабдуусу менен алынат", - деди ал.
"Ушуну элге түшүндүрүп бергиле да", - деди Матраимов.