"Эмне үчүн "Коопсуз шаарды" өзүбүздүн адистер ишке ашырбай жатат?" Мындай суроо менен депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.
Карамушкина маанилүү долбоорду чет өлкөлүк компаниянын колуна тапшыруу туура эмес экенин кошумчалады.
"6 жылдан бери "Коопсуз шаар" ишке ашпай келди. Эмне үчүн муну өзүбүз киргизе албайбыз? IT тармагында мыкты армиябыз бар. Жаш адистер иштеп жатат. Эмнеге мындай маанилүү долбоорду чет өлкөлүк компанияга берип жатабыз?" - деди Карамушкина.
Боронов өлкөдө бул долбоорду ишке ашырчу адистер жетиштүү экенин айтты.
"Биз да ушул маселени ойлонуп жатабыз. Бизде адистер жетишет. Бирок каражат маселеси чыгып калды. Бул добоорго тажрыйбалуу компания керек болду, ал эми биздин бул тармакта тажрыйбабыз жок экен. "Коопсуз шаарды" республиканын башка аймактарында ишке ашырууда жергиликтүү адистерге мүмкүнчүлүк түзүп, колдоого аракет кылабыз", - деди Боронов.