Каныбек Иманалиев: "3 күндөн кийин Кыргыз парламенти 80, анын символу Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыгат"

Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына карата фото көргөзмө ачылды.

Көргөзмөдө сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Текебаев президент болбой туруп Кыргыз парламентинин символуна айланганын белгиледи.

"Бүгүнкү чогулган эл кыргыз элинин Өмүрбек Текебаевге болгон урматы зор экенин билдирет. Эң кызыгы, 3 күндөн кийин Кыргыз өлкөсүндөгү парламент 80 жашка, Текебаев 60 жашка чыгат. Ошол 80 жылдын дээрлик 30 жылында Текебаев депутат болду. Ал президент болбой туруп парламенттин символуна айлана алды. 30 жыл бою принцибинен артка кайтпай, өлкөбүздүн жолу демократия менен парламентаризмде экенин айтып, бул үчүн күрөшүп келди. Мына ушунун кесепетинен азыр түрмөдө отурат. Бирок Текебаевди "коррупционер" деп айыптап, түрмөгө камаган 5 кишинин төртөө бир жылга жетпей өздөрү камалышты. Бул соттордун адилеттүүлүгү жок болсо да, Кудайдын адилеттүүлүгү бар экендигинин далили.

Өмүрбек Текебаев, буюрса, абактан чыгат. Кеп бир эле маселеде. Ал триумф, салтанат менен чыгабы же жөн эле чыгабы? Маселе ушунда", - деди Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
urmat.kg87
2018-12-19 17:58:36
Текебаев өзү айтмакчы абактан кол чабуулар менен чыгатко, ал киши бийликтен ыраайым сурабайт, өтө намыскөй киши.
+4
ruslanz
2018-12-19 18:10:47
Олкодогу тааасирлуу киш.бири. Бир кездерде элдин кобу колдоп турчу,презид-ке койсо дароо отмок,эки тизгин,бир чылбырды колго алып эл учун иштеп койсо болмок тилекке каршы андай кылган жок.Сындап,кыйкырып журо бергенди тандап алган.Олкону озу эле ондоп кое турган жону (шансы)бар болчу.Азыр эч ким колдобойт,канча жолу добушубузду бердик актаган жок.
+2
Jazdyn_tany
2018-12-19 18:16:04
Азыркы парламенттеги 120 депутат биригип, бир Текебаевге татыктуу эмес ( тең келбейт)
+2
ruslanz
2018-12-19 18:27:00
Jazdyn_tany,Текебаевдин мен дагы фанаты болчумун,бирок эмне кылды,эчтеке.30жылдан бери иштейт дейт,жакшы иштесе олко жардылык б-ча 147орунда болот белек.
+1
Mamiev
2018-12-19 23:56:37
ruslanz,жалгыз аттын чаны чыкпайт дейт тууган. Биздин өлкө жакшы адамдарды жок кылып камап же болбосо айланасы бүт баары жегич болсо бир адамдын колунан эмне келмек эле
0
Aikaaaa
2018-12-20 15:20:50
Mamiev,өзү да жегич да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан