Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарында саясатчы Өмүрбек Текебаевдин 60 жаштык юбилейине арналган фото көргөзмө ачылды.
Саясатчынын өмүр жолунан алынган жүзгө жакын сүрөт коюлган көргөзмөгө Өмүрбек Текебаевдин үй-бүлөсү, партиялаштары, коомдук-саясий ишмерлер жана тарапташтары болуп жалпысынан 100дөн ашык адам катышты.
Сөз сүйлөгөн Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, саясатчылар Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Эмилбек Каптагаев Текебаевдин кыргыз саясатындагы орду чоң экенин айтып, анын мамлекет үчүн жасаган эмгеги зор экенин белгилеп кетишти.
Өмүрбек Текебаев "Орусиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алды" деп айыпталып, 2017-жылы камакка алынган. Жогорку Кеңештин 6 жолку депутаты 22-декабрда 60 жашка толот.